Ысык-Көл облусунда көмүр сатуучу 90 түйүн ачылат. Бул тууралуу бүгүн, 29-августта облустагы КРнын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө 60 түйүн иштеп жатат. Айылдарда жана шаарларда жергиликтүү өз алдынча бийлик түзүмдөрү тарабынан чогулуштар өткөрүлүп, энергетика тармагындагы маселелер түшүндүрүлүп берилүүдө.
Мындан тышкары облустагы мекемелерди электр менен жылытуудан көмүр менен жылытууга өткөрүү иш-чаралары жүрүп жатат. Алсак, Тоң райондук китепканасында көмүр менен жылытуу системи орнотулган. Кыш мезгилине чейин Каракол шаарындагы 3 бала бакчаны борбордук жылытууга өткөрүү пландалууда.