Укук коргоочулар биометрикалык каттоо жөнүндөгү мыйзам Конституцияга карама-каршы келет дешүүдө

Укук коргоочу Нурбек Токтакунов “КРнын жарандарын биометрикалык каттоо” жөнүндөгү мыйзам боюнча Конституциялык Сотко доо арызын жөнөттү. 2014-жылдын 20-июнунда бул мыйзамды кабыл алган Жогорку Кеңеш жоопкер катары болууда.

Н.Токтакуновдун айтымында, аталган мыйзам адамдын өздүгүнө жана жеке жашоосуна кол тийбестиги боюнча Конституцияга карама-каршы келет. “Биометрикалык маалыматтар адамдын жеке физикалык өзгөчөлүктөрүн билдирет. “КРнын жарандарын биометрикалык каттоо” жөнүндөгү мыйзамдын негизги кемчилиги - бул мыйзам биометрикалык маалыматтарды жеке жана жашыруун маалыматтарга киргизбегендиги. Анткени бул маалыматтар адамдын жеке жашоосу жөнүндөгү маалымат катары саналып, Конституция тарабынан корголот”,- деп түшүндүрөт укук коргоочу.

Мындан тышкары ал Баш мыйзам биометрикалык маалыматтарды тапшырууга мажбурлоого мүмкүнчүлүк берерин баса белгиледи. “Мажбурлоо кандайдыр бир санкция аркылуу болушу мүмкүн. Эгер жаран биометрикалык маалыматтарын тапшыруудан баш тартса, ага зомбулук көрсөтүлүшү да толук мүмкүн. Анткени маалыматтарды тапшырууда адамдын өзүнүн катышуусу зарыл”,- дейт Н.Токтакунов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Aidar.Mamalak
2014-08-29 17:46:01
Эн туура айтат
0
Dadasdasd
2014-08-29 17:53:53
Манжа изин колдонуп, бирөөгө жалаа жабылышы мүмкүн.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан