Эгемендүүлүк күнү Ош шаарына биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашевдин келүүсү күтүлүүдө

Эгемендүүлүк күнү белгилене турган 31-август күнү Ош шаарына КРнын Биринчи вице-премьер-министри Тайырбек Сарпашевдин келүүсү күтүлүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 29-августта мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, 31-август күнү Ош шаарынын борбордук аянтында театралдаштырылган майрамдык салтанат өткөрүлөт. Ошону менен катар шаардын эс алуу жайларында спорттук оюндар жана улуттук оюндардын түрлөрү уюштурулат. Мындан тышкары кечкисин А.Сүйүнбаев атындагы борбордук стадиондо «Гүлдөй бер, Кыргызстаным!» аталышындагы мегашоу-концерти өтөт. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан