Ушул жылдын февраль айында Гвинея өлкөсүндө пайда болуп, кийинчерээк коңшу мамлекет Сьерра-Леоне менен Либерияга тараган Эбола вирусу июлда Нигерияга жеткени маалымдалган. Андан соң Конго мамлекетине жеткени айтылган коркунучтуу вирус учурда Сенегалга жеткени маалым болду. Бул тууралуу бүгүн, 30-августта чет элдик маалымат каражаттары кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Сенегалдын Саламаттыкты сактоо министрлиги гвинеялык жарандын өз өлкөсүндө аталган вируска туш болуп, 21-августта Сенегалды көздөй багыт алганын айтып чыккан. Бул окуядан кийин Сенегалдын борбору Дакар шаарына кирүүгө убактылуу чектөө киргизилген. Учурда ушул өлкөдө дарыланып жаткан гвинеялык жарандын абалы жакшы экени айтылууда. Сенегалдын бийлиги оорунун тарап кетүүсүнүн алдын алуу боюнча иш алып барып жатат.
Акыркы маалыматтар боюнча, бул вирустан жабыркап 1552 киши өмүрү менен коштошкон. Жалпысынан бул оору боюнча 3 миңден ашык кырдаал катталган.