Бүгүн, 31-августта Ош шаарынын борбордук аянтында Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнү белгиленди. Анда бир катар кыргыз элин куугунтукка алгандар тууралуу театрлаштырылган программа тартууланып, кыргыз элинин эгемендүүлүк жылдарындагы жетишкендиктери айтылды.
Ага КРнын Биринчи премьер-министри Тайырбек Сарпашев, Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, Ош облусунун башчысы Сооронбай Жээнбеков жана Жогорку Кеңештин депутаттары менен кошо жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышышты. Анда сөзгө чыккан бийлик өкүлдөрү Кыргызстандын желеги эркиндикте 23 жылдан бери желбиреп келгенине токтолуп өтүштү.
Ал эми келген элдин саны болжол менен 10 миңге жетип, күндүн ысыктыгына карабай көрүүчүлөрдүн катарында болушту. Иш-чаранын соңунда эстрада ырчылары Кыргызстан тууралуу ырларын аткарышты.