Бүгүн, 31-августта “Ала-Тоо” аянтында Эгемендүүлүк күнүнө карата өтүп жаткан салтанаттын расмий бөлүгү аяктап, өлкө башчы баштаган бийлик өкүлдөрү аянттан кетишти. Учурда концерттик программаларга кезек келди. Коопсуздук кызматы баштагыдай эле иштеп жатат.