Бүгүн, 31-августта Бишкекте Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 23 жылдыгы белгиленди.
Иш-чарага КРнын Президенти
Алмазбек Атамбаев, премьер-министр
Жоомарт Оторбаев, Жогорку Кеңештин төрагасы
Асылбек Жээнбеков, Бишкектин мэри
Кубанычбек Кулматов, өкмөт жана парламент өкүлдөрү катышты. Алардан тышкары чет өлкөлөрдүн Кыргызстандагы элчилери, ардагерлер, ардактуу коноктор да майрамдык концертке күбө болушту.
Салтанат жаштардын аткаруусунда түрк, кыргыз жана чет элдин бийлери менен
башталды. Андан соң шаардын башчысы К.Кулматов кыргызстандыктарды Эгемендүүлүк күнү менен куттуктап, сахнага өлкө башчы А.Атамбаевди чакырды.
Президент кыргыз жана орус тилинде мекендештерге куттуктоолорду арнап, өлкөнүн 23 жылдык тарыхындагы негизги окуяларды эскертти. Ал өз сөзүндө энергетика тармагындагы көйгөйлүү маселелерге токтолуп,
"2014-жылдын 1-октябрынан тарта өлкөнүн түндүк аймагында газ 1,5 эсе арзандайт" деп
баса белгиледи.
Айта кетсек, салтанаттуу иш-чарага 5 миңден ашуун адам келди. Анын расмий бөлүгү саат 10:00дө башталып, 11:50дө аяктады. Андан соң концерттик бөлүгү башталганда айрымдар аянтта калып күбө болууну улантса, башкалар сейил бактарга кетишти.