Бүгүн, 31-августта Ош шаарында биометрикалык маалыматты биринчилерден болуп биринчи премьер-министр
Тайырбек Сарпашев тапшырды. Адистердин айтымында, биринчи премьер-министрден биометрикалык маалыматты алуу бир топ түйшүк жаратты. Себеби Сарпашевдин колу тердеп калгандыгында болгон.
Ошондой эле биометрикалык маалыматты тапшырууга кошо келген Ош облусунун башчысы Сооронбай Жээнбеков ага тийише "биометриканы тапшырдыңыз, эми колго түштүңүз" деп тамашалады.