Ысык-Көл эли Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүн белгиледи (фоторепортаж)

Бүгүн, 31-августта Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынын борбордук аянтында Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнү салтанаттуу иш-чаралар менен өттү. Бул тууралуу облустагы өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, майрамдык иш-чаралар КРнын Эгемендүүлүк күнүнө арналган көргөзмө менен башталып, театралдык оюндар менен улантылды. Анда калпак, комуз, "Манас" эпосу, мамлекеттик тил жөнүндө айтылды.

Иш-чарага КРнын Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов, Каракол шаарынын мэри Рыскул Калыгулов, шаардык кеңештин төрагасы Улан Турсунбаев, облустук жана райондук түзүмдөрдүн жетекчилери катышты.

Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Каптагаев жарандарды куттуктап: “Эркин жана көз карандысыз өлкөдө жашаш – бул чоң жоопкерчилик. Биз муну кийинки муундарга сакташыбыз керек. Баарыбыз биригип мамлекетибизди экономикалык жактан өнүктүрө алабыз. Бүгүн кабыл алынган чечимдер республиканын келечегин белгилейт. Ошондуктан ар бирибиз өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошушубуз керек”,- деди.

Андан соң Эмилбек Каптагаев облустун коомдук-саясий өнүгүшүнө чоң салым кошкон жарандарды ардактуу грамота жана баалуу белектер менен сыйлады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Kudi
2014-08-31 14:32:34
Адимин емнеге ушул жуманын газетасы порталга чыкбай жатат унутуп калдынарбы
0
admin_media
2014-08-31 14:37:35
Kudi,
Саламатсызбы! Дүйшөмбү күндөрү саат 09:00до сайтка жарыяланат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан