Бүгүн, 1-сентябрда Бишкекте КРнын Биринчи вице-премьер-министри Тайырбек Сарпашев өзү окуган №5-улуттук компьютердик гимназиянын окуучуларына ачык сабак өттү.
Иш-чаранын жүрүшүндө ал окуучуларга учурдагы Кыргызстандын саясий, экономикалык, энергетика, тоо-кен өндүрүү жана маданият тармактарындагы абалы тууралуу айтып берди. Т.Сарпашев өлкөнүн перспективдүү тармактарына өзгөчө көңүл бурду.
Анын айтымында, тоо-кен өндүрүү жана айыл чарба - келечекте чоң пайда алып келүүчү тармактар. “Бул максатка жетиш үчүн силер, жаштар, билимдүү, акылдуу, жоопкерчиликтүү болушуңар керек. Канчалык билимдүү болсоңор, ошончолук мамлекетибиз өнүгөт. Сабактан тышкары башка билим жана ыкмаларга ээ болууга аракет кылгыла”,- деди биринчи вице-премьер-министр.
Иш-чаранын соңунда ал “Бийликтин булагы эмне?” деген суроо берди. Окуучулар “министр", "депутат", "президент” деген варианттарын айтышса, бирөө гана “эл” деп жооп берип, Т.Сарпашевдин колунан сыйлык алды. Андан соң чиновник окуу жайдын жетекчилигин сүрөт жана китеп менен сыйлады. Мектептин директору өз кезегинде ага гүл жана баалуу белек берди.