КРнын Социалдык өнүктүрүү министри Кудайберген Базарбаев бүгүн, 1-сентябрь - Билим күнүнө карата Бишкектеги өзү окуган №2-орто мектепте ачык сабак өттү. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.
“Орто мектептерде бийлик өкүлдөрүнүн катышуусундагы ачык сабактардын өтүп жатканы мамлекеттин жаштарды мекенчилдикке, сабырдуулукка тарбиялоого чоң көңүл буруп жатканынан кабар берет. Окуучулардын мектеп партасынан эле коомдун толук кандуу мүчөсү экенин жана мекен алдында жоопкерчиликтүү экенин түшүнүүсү маанилүү. Өкмөт бүгүнкү күндө калктын жашоосун жакшыртуу үчүн түрдүү реформаларды жасап жатат”,- деди ал.
Андан тышкары ал аз камсыз болгон 115 үй-бүлөдө тарбияланган 336 миң балага жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 155 миң жаранга (анын 26 миңи 18 жашка чейинки курактагы балдар) министрлик жардам берип келгенин кошумчалады.
Андан соң министр окуучуларды кызыктырган суроолорго жооп берди.