31-август – Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнүн 23 жылдыгына карата Жалал-Абад ОИИБинин жетекчилиги демилге көтөрүп, Жалал-Абад шаарынын «Эркиндик» аянтында жалпы өздүк курамдын гарнизондук түзүмүнөн баштап милициянын ардагерлерин, Ооган согушунун ардагерлерин жана элдик кошуундардын мүчөлөрүн сыйлоо менен кошо концерттик программа тартуулашты. Бул туурлуу бүгүн, 1-сентябрда ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди. Аларга мектеп окуучулары жана каратэ менен машыккан өспүрүмдөр өздөрүнүн өнөрлөрүн тартуулашты.
Ал эми өздүк курам майрам күнү күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөштү.