Ош. Ноокат мэриясы жаңы имараттуу болушту

Ош облусунун Ноокат шаарынын мэриясы жаңы имараттуу болду. Бул тууралуу бүгүн, 1-сентябрда райадминистрациядан билдиришти.

Маалым болгондой, Ноокат районунун Лутфиллаев көчөсүндө Ноокат шаарынын жаңы курулган имаратынын курулушу аяктап, 30-август күнү салтанаттуу ачылыш аземи болгон.

Ага Жогорку Кеңештин вице-спикери Төрөбай Зулпукаров, КРнын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Байыш Юсупов, Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы катышты.

Айта кетсек, мэриянын имараты эки кабаттуу болуп, жалпы 19 миллион сомго жакын акча каражаты сарпталган.

Анда жалпысынан 19 кызматкер иштейт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
jasi
2014-09-01 13:55:51
Жаны иш орунунар кут болсун! Ишти катыргыла эми
0
tursunmurat1991www
2014-09-01 14:17:07
Жаны Орунунар кут болсун! Эми элгеда кызмат кылгыла кобунчо ноокат кызыл-кыя жолдорун ондоп дыйкандарга суу маселесин чечип бергиле.

0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан