Бүгүн 40 кыргызстандык жаран Орусия жана Казакстандын жогорку аскер окуу жайларында окууну башташат

Бүгүн, 1-сентябрда 40 кыргызстандык жаран Орусия жана Казакстандын жогорку аскер окуу жайларында окууну башташат. Бул тууралуу бүгүн, 1-сентябрда КРнын Чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган мекеме 100 абитуриенттен экзамендерди мыкты тапшырган 40 адамды тандашты. Алар орус тили, математика, дене тарбия, тарых жана башка сабактар боюнча мыкты көрсөткүчтөргө ээ болушкан.

Айта кетсек, Орусиянын жана Казакстандын жогорку аскер окуу жайларына өткөндөр Кыргызстандын бардык аймактарынан келишкен. Алардын 18и былтыр мөөнөттүү аскер кызматын КРнын Чек ара кызматынан өтөшкөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан