Билим күнүнө карата Ош мамлекеттик университетинде 5 факультеттин окутуучулар жамааты, студенттеринин катышуусунда жыйын болду

Бүгүн, 1-сентябрда Ош мамлекеттик университетинин башкы корпусунда 5 факультеттин окутуучулар жамааты, студенттеринин катышуусундагы Билим күнүнө карата уюштурулган жыйын болуп, ал Кыргыз Республикасынын Гимни менен башталды. Бул тууралуу окуу жайдын басма сөз кызматы билдирди.

Алгач ОшМУнун ректору Каныбек Исаков 2014-2015-окуу жылына карата кайрылды. “Жаңы окуу жылыбыз Ош мамлекеттик университети үчүн өзгөчө тарыхый, мааниси чоң жыл. Ушул окуу жылдын 16-17-октябрларында Ош мамлекеттик университетинин 75 жылдык мааракесин белгилейбиз. Ишке жана бири-бирибизге карата болгон мамилебизди өзгөртпөсөк, анда олуттуу өнүгүүнү камсыз кыла албайбыз",- деди ал. 

Белгилей кетсек, мындай Билим күнүнө арналган жыйындар университеттин бардык факультеттеринде, бөлүмдөрүндө, лицейлеринде, колледждеринде да болуп, алардын ар бирине атайын ректораттан өкүлдөр катышты. Жайкы эс алуу мезгилинде ОшМУнун бардык факультеттеринде окуу имараттарын жаңылоо, модернизациялоо багытында иштер жүрдү, бүгүнкү күндө окуу процесси толугу менен башталды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан