1-сентябрдан тарта Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында маршруттук такси кызматынын баасы 3 сомго кымбаттап, эми 7 сом эмес, 10 сомго барабар болуп калды. Бул тууралуу
SUPER.KG порталына Каракол шаардык кеңешинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жол киренин кымбаттоосу ушул жылдын 24-июлунда Караколдун шаардык кеңеши тарабынан кабыл алынган. "Караколдун мэринин (Рыскул Калыгулов - ред.) сунушунун негизинде тиешелүү комиссия бул маселени карап чыккан. Андан соң шаардык кеңеш өз сессиясында маршруттук таксинин жол киресин кымбаттатуу боюнча чечимди кабыл алган. Ага ылайык, 1-сентябрдан тарта жол киренин баасы жарандарга 10 сом, 5-класска чейинки мектеп окуучуларына 5 сом, пенсия алуучуларга 5 сом болду",- деп түшүндүрдү басма сөз кызматы.