Эртең Бишкектин жана Чүйдүн айрым жерлеринде электр жарыгы өчүрүлөт

Эртең, 2-сентябрда Чүй облусундагы жана Бишкек шаарындагы оңдоп-түзөө иш-чараларынан улам бир катар райондордо электр жарыгы үзгүлтүккө учурайт. Бул тууралуу "Түндүк электрдин" басма сөз кызматы билдирди.

Белгилүү болгондой, саат 9:00дөн 17:00гө чейин Бишкек шаарынын Тынчтык көчөсүндө, Сухомлинов, Айни, Шота Руставели, Месарош, Профсоюздар, Стадион, Безымянная, Камчатск, Барпы Алыкулов көчөлөрүндө электр чубалгылары оңдолгондугуна байланыштуу электр энергиясынын өчүрүлүшү ыктымал.

Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Арашан, Заречное, Аламүдүн, Пригородное, Төмөнкү Ала-Арча, Жогорку Ат-Башы, Октябрь айылдарында, Восход дачасында, Чуңкурчак, Татыр жайлоолорунда, Жайыл районунда, Кара-Балта шаарында электр энергиясы өчүрүлөт. Ошондой эле Бишкек шаарында "акылдуу" эсептегичтерди орнотуу иштери уланат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан