Бишкек шаардык "Тез жардам" кызматына 25-августтан 31-августка чейин 3858 кайрылуу түштү. Муну бүгүн, 1-сентябрда шаардык Саламаттыкты сактоо департаменти кабарлады. 2904 чакырууга бригада жиберилип, 769 адам ооруканага жеткирилди. Бул аралыкта жалпы 218 бригада, 233 санитардык автоунаа кызмат кылганы айтылды. Жол кырсыгынан жаракат алгандар - 33, курч кармоочу ашказан жугуштуу оорулары менен кайрылгандар - 319, мунун 111и ооруканага жаткырылды. Булардын 52си 14 жашка чейинки өспүрүмдөр.