Аксынын Кара-Суу айылынын тургундары өлүм-житимдеги ысырапкорчулукту токтотууга киришти

Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Кара-Суу айылында өлүм-житимдеги ашыкча ысырапкорчулук жергиликтүү элдин өз аракети менен токтотулууда. Бир жыл мурун башталган демилге жыйынтык берип, азыркы учурда өлүм болгон үйгө аялдардын кийит (көйнөк, жоолук ж.б.) алып барышы токтоду. Бул тууралуу аталган айылдагы мечиттин кызматкери Манас Чыныбеков билдирди. 
"Өлүм болгон жерге аялдар мурун кийит көтөрүп барышчу, бүгүнкү күндө токтоду. Эми маркумдун бейшембилиги, кыркылыгы өңдүү жосундардагы ашыкча чыгымды токтотууга аракет кылып жатабыз. Эл деле бул аракетти туура кабыл алууда. Коңшу айылдардын да кызыгуусу артууда. Мусулманчылыкта ашыкча ысырапкорчулукка уруксат берилбейт. Экинчиден, мындай нерселер токтосо, карапайым элдин өзүнө эле жакшы",- дейт аксакал. 
Айрым терс жосундарды токтотууга жергиликтүү жашоочулардын өздөрү киришкени колдоого аларлык.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
zman53
2014-09-02 09:39:30
Абдан туура.
0
uluk1982
2014-09-02 10:09:22
жакшы, Супер инфо жамааты ушуну бир саныныа чыгарса абдан коп сооп алат эле!
0
kamarik
2014-09-02 10:12:48
эн башкысы куран окулуп турса боло деп ойлойм
+2
alooke
2014-09-02 10:33:28
Жакшы демилге, азаматтар. Башка айылдар да үлгү алып, бул саамалык кеңири жайылып кетсе кана! Чынында куру намыс деп, ашыкча чыгымдар карапайым элдин капчыгына бир топ эле таасирин тийгизип жатат.
0
kursantbek
2014-09-02 10:42:55
Оа эн башкысы куран окулуп турса жетет Деп ойлойм кара суду бизге жакын айыл ))))
0
LaraKroff
2014-09-02 11:55:35
Эн туура.. Салтты жээригендик эмес, илгери кыргыздар мал жан куткон, дасторкону жайылган калк болгон. Ошол мезгилде чыккан урп адаттар азыркы заманыбызга туура келе бербейт. Анткени учурда баарынын эле колунда мал союучу шарты жок да. Бирок "салт да" дешип, адам каза болсо кредитке алып мал сойушканына баарыбыз эле кубо болсо керек. Эч бир адам жакындарын каза болгондон кийин да карызга батыргысы келбесе керек менимче. Ошондуктан бул салттарды акырындан азайтсак калкыбыз учун жакшы болмок.
0
sherzatik
2014-09-02 15:38:59
Менда кошулам,баардык жерде ошондой болушун каалайм.
0
Aksy-13
2014-09-02 16:31:06
эн туура дагы куда сооктордун уйуно сойуш алып барып куран окутмай аза чакырмай деген салттарын да токтотушса болмок
0
Ganibal87
2014-09-02 17:52:13
Абдан жакшы жанылык екен аксакалдары еркек екен ысрапчылыкты азайтыш керек чын чынында болбогон жоорук
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан