Сентябрда Кыргызстан боюнча бензиндин баасынын 5 пайызга көтөрүлүшү күтүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 2-сентябрда маалымат жыйынында КРнын Нефтетрейдерлер ассоциациясынын президенти Медетбек Керимкулов билдирди.
Анын айтымында, мунайпродукт таңсыктыгына байланыштуу Орусиянын күйүүчү май рыногунда абал оор бойдон калууда. “Тилекке каршы, бензиндин баасы өсүүдө, бирок дизелдин баасы бир аз болсо да арзандаган”,- деди ал.
“Баалардын өсүшүнө сезондук керектөөлөрдүн көбөйүүсү себеп болууда. Мындан тышкары мунай өндүрүүчү ишканалардын кышка карата пландык оңдоо иштерине байланыштуу токтотулуп, мунайды кайра иштетүүнүн кыскарышы себеп болгон”,- деди Керимкулов.
Андан соң ал АКШ долларынын курсу сомго жана орусиялык рублга карата бекемделгени да күйүүчү майдын кымбатташына себеп экенин баса белгиледи. “Ошондуктан сентябрь айында бензиндин чекене баасынын 5 пайызга чейин өсүүсү күтүлөт. Ошол эле учурда дизель отунунун баасы 1-2 пайызга төмөндөйт”,- деп түшүндүрдү ал.