Нефтетрейдерлер ассоциациясы: “2014-жылдын 8 айынын ичинде күйүүчү майдын баасы 5 сомго өстү”

Бүгүн, 2-сентябрда маалымат жыйынында КРнын Нефтетрейдерлер ассоциациясынын президенти Медетбек Керимкулов “2014-жылдын 8 айынын ичинде күйүүчү майдын баасы 5 сомго өстү” деп билдирди.

Анын айтымында, январь-август айларынын аралыгында отундун баасы орто эсеп менен 5 сомго (13,1 пайыз) өскөн, мында баалардын өсүүсү түндүк облустар боюнча 5,1 сом (13,6 пайыз), түштүк облустар боюнча 4,9 сомду (12,1 пайыз) түзгөн.

“Күйүүчү майдын өсүшү бир гана КРда эмес, коңшу мамлекеттерде да байкалууда. Мисалы, Казакстанда 21-августтан тарта АИ-92 үлгүсүндөгү бензин 13 теңгеге (3,7 сом) кымбаттап, 115 теңгеден 128 теңгеге өскөн.

Тажикстанда болсо акыркы айларда күйүүчү майдын баалары өсүп турган. Бул өлкөдө отун баасы 14 центтен 20 центке (7-10 сом) жогорулаган. Учурда Тажикстанда АИ-92 үлгүсүндөгү бензин 60 сом, АИ-95 жана дизель үлгүсүндөгү отун 65 сом турат”,- деди Керимкулов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
munar85
2014-09-02 11:16:39
башка жерди билбедимго биздин Ноокат шарында 10-13сомго кымбаттады
0
boiuzun
2014-09-02 12:15:18
Жалал-Абадда бугун Аи 92 47,80 сом, жазында 36,80 сом болчу, нефтетрейдерлер арифметиканы жакшы билишпейби же калп эле элди алдоо максатыбы?!
+1
narzulla
2014-09-02 13:54:41
Аи-92 бүгүн азстерде 45.50т ошондо 8 ай мурун 40.50 беле.Казакстанда турган вагондор келбей калып эле көтөрүп жатат окшойт.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан