"Республика боюнча күйүүчү майдын запастарынын көлөмү жетиштүү" дейт Медетбек Керимкулов

Бүгүн, 2-сентябрда маалымат жыйынында КРнын Нефтетрейдерлер ассоциациясынын президенти Медетбек Керимкулов: "Республика боюнча күйүүчү майдын таңсыктыгы күтүлбөйт",- деди.
Анын айтымында, 2014-жылдын январь-август айларынын аралыгында өлкөгө жалпысынан 695,9 миң тонна мунайзат импорттолгон, анын 381,6 миң тоннасы - бензин, ал эми 314,3 миң тоннасы - дизель отуну.
"Күйүүчү майдын калдыктары июль айынын аягында болжол менен 84 миң тонна, анын 48 миң тоннасы - бензин, 36 миң тоннасын дизель отуну түзөт. Ошондуктан күйүүчү майдын калдыктары мурдагы деңгээлде сакталып, бардык аймактар боюнча керектөөчүлөрдү отун менен камсыздоого өбөлгө түзөт. Жалпысынан республиканы күйүүчү май менен камсыздоо боюнча абал туруктуу, таңсыктык күтүлбөйт",- деп кошумчалады Керимкулов.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
zman53
2014-09-02 11:27:08
Эгерде мурун сактап койсонор,эмнеге бааны которуп жатасынар?Буга ким жооп берет?
0
future_kg
2014-09-02 11:59:54
zman53, ошону айтсан! Антимонополия каякты карап отурат?
0
Bekzamann
2014-09-02 12:15:20
Тажикстан м.н озбекстанга бензинди тонналап сатканды токтотсо чон курсактар жакшы болмок.
0
Baktiar93
2014-09-02 12:40:42
Бийликтегилер аз аздан кошуп кымбаттатып элди кондуруп жатат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан