Чет өлкөлүк дарыгер: “Кыргызстанда рак илдетине чалдыккан балдарды дарылоо тартиби начар абалда болууда”

Бүгүн, 2-сентябрда маалымат жыйынында эл аралык адис, балдар онкологу, профессор Исмаил-заде Рейман Садыг оглы: “Кыргызстанда рак илдетине чалдыккан балдарды дарылоо тартиби начар абалда болууда”,- деди. 

Анын айтымында, ал Бишкектеги Улуттук онкология борборунун балдар бөлүмүнө барып, дарылоо тартиби менен таанышып келген. “Мен бул мекемеде бир нече күн жүрдүм. Мени документтерди даярдоо тартиби таң калтырды. Бул жерде эл аралык тартип колдонулбай турганын байкадым. Дарылоо деңгээлин көтөрүш үчүн аракет керек”,- деди ал.

“Залалдуу шишикке катуу көңүл буруу керек. Оорунун тарыхын түзүп, ишти ачык-айкын жүргүзүү зарыл. Мындайды мен аталган мекемеден байкабадым”,- деп кошумчалады адис.

Мындан тышкары ал рак илдетине чалдыгып, дарылоодон өткөн балдардын 80 пайызы сакайып жатканын айтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
kyzy
2014-09-02 18:34:16
Эч качан бала оорубасынчы
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан