Нарындын жашоочулары: “Митингге чыгып, Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын бүлгүнгө учуратууну каалаган жокпуз”

Бүгүн, 2-сентябрда өткөн маалымат жыйынында Нарындын жашоочулары 10-сентябрда жолду жабууну пландап жатышканын айтышты. “Митингге чыгып, жол жабуу менен Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын бүлгүнгө учуратууну каалаган жокпуз. Ошол себептүү бийлик өкүлдөрү биздин талаптарды аткарып беришсе жакшы болмок. Бизде эки гана талап бар: камакта жаткан Нариман Түлеевдин баш коргоо чарасы өзгөртүлүп, үй камагына чыгарылсын, бийлик электр энергиясына болгон бааны төмөндөтсүн. Бүгүнкү күндө Нарын облусунун калкынын дээрлик 80 пайызы 3 фазалуу электр энергиясын колдонот. Жумушу жок, акчасы жок эл электр энергиясына болгон бааны төлөй албайт. Көмүр да кымбат”,- деди Жумабаев Майрамбек.

Кошумчалай кетсек, Нарын эли жолду жабууну 10-сентябрга тууралап жатат. Ал эми Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 9-сентябрда Чолпон-Ата шаарында старт алат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
kursantbek
2014-09-02 11:17:30
талабынар Менен Жоок болуп кеткиле
+2
aibars
2014-09-02 11:22:35
Kylaarga ishiner jokby? Joldu japkydai silerdin kandai akynar bar? Al jalpy eldin jolun? Taakur tushunboisun ushul jol japkychtardy!!!!!!
+1
USAROV
2014-09-02 11:26:54
Наримандан 500дон алдык, алган акчаны актап эч болбосо клоундардай кыйкырып твга чыгалы дебейсинерби. Акча учун Нариман Тулеевге ошого окшогон мамлекетти тоногон коррупциянерлерге балдарынардын келечегин саткыла. Кудай урат силерди чыккынчылар.
+3
beka88
2014-09-02 11:27:16
мен жол жапканды жапайычылык деп ойлойм
+3
chon-alai90
2014-09-02 12:37:32
Нариман тулеев чыгыш керек кандай болсо да ал убагында жакшы иштеген азыркы меерлер не кыйратып жатабы.нарындын жакшы кадырлардын бири аракет кылгыла биз силер менен биз ХХХ кетет эртен дагы эле качбай ушул тулеевдер калат ак ийилет бирок сынбайт!
0
admin_portal
2014-09-02 12:41:11
chon-alai90 - эскертүү!
Кимдир бирөөнү кемсинтип, мазактоого тыюу салынат.
0
chon-alai90
2014-09-02 12:51:10
admin_portal Кечирестер мен эчкимди мазактаган жокмун бул чындык азыркы бийликти ким жакшы дей алат эчким акаевден да жаман болуп кетти чек ара маселиси чече албайт башкасын айтбай эле койойун бакиевдин убагында уктунар беле чек арада кыргыздарды атып кетти деп албетте жок анткени бакиевден тажигиби озбегиби коркчу.
+1
Kamolovna
2014-09-02 12:44:21
туптуура, давно эле чыгыш керек болчу!
0
primer-dent
2014-09-02 12:49:06
Уят,уят,уят....
0
daniyar93
2014-09-02 12:51:03
азаматсынар светти томондоткулочу же дагын ревалютция
+1
narzulla
2014-09-02 13:36:15
Митинг кылчу күндү да тапкан экенсиңер ээ азаматтар, патриоттор кичине мурдараак кайда элеңер?Көчмөндөр оюнуна канчалаган коноктор, туристер, журналистер ж.б толтура чет элдиктер келишет. Аларга болушунча жакшы жактарыбызды, меймандостугубузду, мээнеткеч ак көңүл эл экенибизди, керемет көлүбүздү, жаратышыбызды көрсөтүп калыбыз керек.Бул эмки жылкы туристик сезонго эң чоң өб
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан