“Кечээ курулуп бүткөн Нарындын жолун кайра эле бүгүн Кытайдан чыккан жүк ташуучу унаалар талкалап жатат” дешет нарындыктар

Бүгүн, 2-сентябрда Нарын облусунун тургундары маалымат жыйынын өткөрүп, бийликке нааразычылык билдиришти.

Жыйындын катышуучусу Бийназаров Бердикожо"Адамдын жумшагын адам жейт" дегендей, жутта малы кырылып, жолу талкаланып жатса унчукпаган Нарын элине бийликтин жасаган мамилеси туура эмес. Эл эми толкуп чыгууда. Талаптарыбыз аткарылбай келгени ойлондурат. 2010-жылы Алмазбек Атамбаев нарындыктар менен жолугушканда “Нарындын шарты катаал. Силерге берилген электр энергиясынын 70 тыйын болгону кымбат, 50 тыйын болуш керек” деген. Азыр биз дал ошол 2010-жылкы талаптар менен эле чыгып жатабыз. Эгерде акыйкаттык болбосо, эмнеге биздин жаштарыбыз окко учушту?"- деди. Андан тышкары ал жаңы курулуп бүткөн Нарындын жолун кайра эле бүгүн Кытайдан чыккан жүк ташуучу унаалар талкалап жатканын айтты. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан