Бүгүн, 2-сентябрда маалымат жыйынында Беларусь Республикасындагы Онкология жана гематология борборунун онкология бөлүмүнүн жетекчиси, профессор Рейман Исмаил-заде “Беларуста онкология тармагы мыкты өнүккөн. Ал жакта рак илдетин дарылоо акысыз” деп билдирди.
Анын айтымында, Беларуста Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан онкология тармагына жакшы жардам көрсөтүлөт. “Өлкөдө бир гана дарылануу эмес, сөөк мээсинин трансплантациясы кымбаттыгына карабастан акысыз. Чет өлкөдөн келген жарандар дарыланыш үчүн 50-80 миң доллар төлөшөт”,- деди ал.
Мындан тышкары Исмаил-заде журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып өзүнүн айлыгы тууралуу айтып берди. “Мен ким канча акча каражат аларына көңүл бурбайм. Жалпысынан Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттерде дарыгерлердин айлык акысы аз. Мен илимий даражам менен 1000 АКШ долларын алчумун. Ал кезде лекция окуп, илимий изилдөөлөрдү жүргүзчүмүн”,- деди профессор.
Исмаил-заде Рейман Садыг оглы – медицина илимдеринин доктору, жогорку деңгээлдеги дарыгер-онколог, Беларусь Республикасындагы Балдар онкологиясы жана гематология борборунун онкология бөлүмүнүн жетекчиси.