Бишкектин жаңы конуштарындагы балдар үчүн чыгармачылык борбор ачылды

Бакай-Ата конушундагы “Модуль” мекемесинин административдик имаратында Свердлов райондук балдардын чыгармачылык борборунун филиалы жана шаардык №85-орто мектепте бий залы ачылды. Бул тууралуу 2-сентябрда Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, Свердлов райондук администрациясы тарабынан административдик имараттын 12 бөлмөсү оңдоодон өткөрүлдү. Ал жерде жаңы конушта жашаган 400дөн ашуун бала ар кандай багыттагы ийримдерге катыша алат. Балдардын чыгармачылык борборунун филиалынын жана бий залынын ачылыш аземине Свердлов райондук администрациясынын, Бишкек шаарынын мэриясынын жетекчилиги катышты.

Аталган борбордо кыргыз оймосу, оригами, англис тили, керамика, комуз, улуттук жана заманбап бийи үйрөтүлөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан