Бүгүн, 2-сентябрда активист Мавлян Аскарбеков жана Көк-Сай маселеси боюнча түзүлгөн комиссиянын мүчөлөрү баштаган топтун катышуусунда маалымат жыйыны өттү. Анда коомдук ишмер Мавлян Аскарбеков: “Таласта укук коргоо кызматкерлери мыйзамсыз, чечимсиз түрдө "Шыраалжын" жана Көк-Сай маселесине катыштыгы бар “Жаңы муундун” өкүлдөрүн куугунтуктап жатат. Биз Облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан болуп жаткан мыйзамсыз, бандиттик көрүнүштү коомчулукка жеткизүүгө аракет кылып жатабыз”,- деди.
Анын айтымында, Талас облусунун Кара-Буура районунун Көк-Сай айылдык аймагынын Кайнар айылынын тургундары Быстроток каналындагы сууну бууп, чек ара маселесин тактап берүүнү талап кылып келишкен. Андан тышкары "Шыраалжын" кенин жабуу боюнча буга чейинки митингде милиция менен жергиликтүү тургундар кагылышып, автоунаа да өрттөлгөн. "Унаа өртөөгө тиешеси бар" деген шек менен айыл тургуну Минурбек Сейталиевди таңкы беште үйүндө уктап жаткан жеринен кийимдерин кийгизбей туруп сүйрөп кетишкен. Кийин анын милиция кызматкерлери тарабынан сабалганы маалым болгон.