Кечээ, 1-сентябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде мекеменин 8 ай ичинде аткарган жумуштарын жыйынтыктаган атайын жыйын өткөрүлдү. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Жыйында Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов аталган мезгилде өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу багытында министрликтин аткарган жумуштарына токтолуп, жетишкендиктерди жана бир катар кемчиликтерди белгиледи.
“Кырсык айтып келбейт, каржынын тартыштыгына карабай алдын алуу жана калыбына келтирүү иштерин кечиктирбестен аткарышыбыз керек. Ал эми өз милдеттерин так аткарып, жоопкерчиликти сезген кызматкерлердин эмгегин белгилеп кетпесек болбойт”,- деди министр.
Жыйындын сонунда, министрликтин буйругуна ылайык, Өзгөчө кырдаалдын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу департаментинин директору Асылбек Закиров министрликтин “Аскердик-жарандык кызматташтыкты чыңдагандыгы үчүн” медалы менен ал эми Өзгөчө кырдаалга чара көрүү түндүк борборунун башчысы Мирусс Эгембердиев “Өзгөчө кырдаалдын кесепетин жоюуга катышкандыгы үчүн” төш белгиси менен сыйланышты.