Бүгүн Талас облустук ички иштер башкармалыгынын имаратынын алдында Бакай-Ата районунун тургундары нааразычылык акциясына чыгышып, укук коргоо органдарына талаптарын айтышты. Кайнар жана Кыргызстан айылдарынан тургундар чогулуп, 1-сентябрда милиция тарабынан кармалган
Минур Сейталиевди жана Бакай-Ата районунун эки тургунун бошотууну талап кылышууда. Бул тууралуу 2-сентябрда Көк-Сай айылынын тургуну
Эмил Парпиев билдирди.
Кошумчалай кетсек, апрель айында Таласта жергиликтүү тургундардын "Шыраалжын" алтын кенин жабуу боюнча маселе көтөрүп, митингге чыгышкан. Анда жергиликтүү тургундар менен милиция кызматкерлеринин ортосунда кагылышуу болуп, ИИМдин ошондо тараткан маалыматы боюнча 19 милиция кызматкери түрдүү жаракаттарды алышкан. Ошол митингдин жүрүшүндө автоунаа өрттөлгөн. Милиция ушул окуя боюнча Минур Сейталиевди күнөөлөп, кечээ, 1-сентябрда кармаганын бүгүн маалымат жыйынында жарандык активист Мавлян Аскарбеков билдирди.