“ИИМдин Таластагы бандиттик аракеттери мыйзамга туура келбейт, бул - зомбулук”,- деди бүгүн маалымат жыйынында адвокат Гуля Соорбекова.
“Шектүү катары кармалган Сейталиевдин ишин мен алдым. Мыйзам боюнча өзүм жактап жаткан жаранга жолугуп, ал-абалын сурайын десем, анын каякта экенин эч ким айтпай койду. Ар бир кабинеттен “тиякта жүрөт”, “биякта жүрөт” деген жооп алып жаттым. Кантип шектүү делген жаран имараттын ичинде эркин жүрөт? Биз адвокат болуп туруп өзүбүздүн укугубузду коргой албай койдук, анан кадимки жарандар кантип укуктарын коргошот? Мыйзам иштебейт. Бир кабинетке кирсем, анын 2 колун кишендеп, 2-3 кишиге кайтартып коюптур. Денесинде тактар бар экен, сабалганы даана байкалды. Мага күч колдонуп, мени бөлмөдөн чыгарып салышты. Алардын Сейталиевди күч колдонуу менен кармаганы эч бир мыйзамга туура келбейт, бул - зомбулук”,- дейт ал.
Андан тышкары ал Талас ОИИБинин жетекчилигине кайрылып, бирок жетекчи өзүнүн кол алдындагы кызматкерлерге чара көрбөсүнө көзү жеткенде прокуратурага кайрылганын айтты. “Таң аткыча жол жүрүп Бишкекке келдик. Биздин бир маселебиз чечилбей калса эле республикалык деңгээлге көтөрүп, Бишкекке келе беребизби?”- деп нааразы болду адвокат.