Таластагы митинг. Облустук ички иштер башкармалыгы: "Кармалгандарды бошотууну сот чечет"

Бүгүн Талас ОИИБинин имаратынын алдында Бакай-Ата районунун тургундары 1-сентябрда милиция тарабынан кармалган Минур Сейталиевди жана Бакай-Ата районунун эки тургунун бошотууну талап кылышып митингге чыгышты. 
Бул боюнча Талас облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Максат Абысеитов: "Имараттын алдында 60тай адам турат. Алар буга чейин мыйзамсыз иштерге катыштыгы бар деп кармалгандарды бошотууну талап кылышууда. Алардын баш коргоо чарасы менен же эч жакка чыкпоо талабы менен бошотулушун сот чечет. Бүгүн бул ишти сот карашы мүмкүн",- деп билдирди. 
Кошумчалай кетсек, апрель айында Таласта жергиликтүү тургундардын "Шыраалжын" алтын кенин жабуу боюнча маселе көтөрүп, митингге чыгышкан. Анда жергиликтүү тургундар менен милиция кызматкерлеринин ортосунда кагылышуу болуп, ИИМдин ошондо тараткан маалыматы боюнча 19 милиция кызматкери түрдүү жаракаттарды алышкан. Ошол митингдин жүрүшүндө автоунаа өрттөлгөн. Милиция ушул окуя боюнча Минур Сейталиевди күнөөлөп кармаганы маалым болгон.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан