Бүгүн, 2-сентябрда маалымат жыйынында Таласта кармалган жарандын апасы Анархан Курманалиева анын уулу Минурбек Сейталиевдин эмнеге кармалганын укук коргоо органдары түшүндүрбөгөнүн айтты.
“Уулумдун эч кандай саясатка тиешеси жок. Чек ара маселесин чечем деп жүргөн. 1-сентябрда эртең менен саат беште мен намазга туруп жатканда баламдын кармалганына кокусунан күбө болуп калдым. Минур үйдөн чыкканда эле 5-6 караан барып басып калды. Анан кийиндирбей жылаңач бойдон алып кетишти. Артынан чыгайын десем, дарбазаны сыртынан кулпулап салышыптыр. Айыл өкмөтү менен бирге Талас шаарына, Облустук ички иштер башкармалыгына келдик. Балама жолукканда чекесинен так көрдүм, колу кишенделиптир. Буга чейин айылдык участкалык милиция кызматкери бир да жолу басып келген эмес. Эмнеге буга чейин жай айтып, чакырбагандарын сурап, жооп ала алган жокмун. Азыр 1937-жыл эмес, баары мыйзам түрүндө болуш керек”,- деди ал.