Бүгүн, 2-сентябрда Талас облусунун Бакай-Ата районунун тургуну Минурбек Сейталиевдин мыйзамсыз кармалуусу боюнча өткөн маалымат жыйынында жарандык активист Мавлян Аскарбеков: “Бул 1937-жыл эмес, биз мыйзамдуулук үчүн бул жерде жүрөбүз”,- деди.
“Азыр сотсуз, изилдөөсүз иш алып баруу туура эмес. Биз бүгүн бул жерде жаш жигитти коргоо үчүн эмес, мыйзамдуулуктун орноосу үчүн отурабыз. ИИМдин, УКМКнын жана башка кызматтардын бардык аракеттери мыйзамдуу түрдө болсун. Минтип бандиттик ыкма менен кармап, жаш балдардын көзүнчө сабап, сүйрөп алып кетпеши керек. Мындай кырдаалга бардык жарандар, анын ичинде, журналисттер, силер да туш болушуңар мүмкүн. Бандиттердин колунан каза тапкан Геннадий Павлюк менен Алишер Саиповду жакшы билесиңер”,- деп кошумчалады М.Аскарбеков.