Башкы штаб: “Америкада жаран “911” номуру аркылуу жалган чакыруу кылса, ал чыгашаларды төлөп берүүгө мажбур болот. Бизде “112” кызматын орнотууда муну эске алышыбыз керек”

Бүгүн, 2-сентябрда Бишкекте КРнын ӨКМнын имаратында вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиевдин жетекчилигинин алдында координациялык отурум өтүүдө. Анда Бирдиктүү маалыматтык-башкаруу системин түзүү боюнча долбоор талкууланып жатат.

Иш-чаранын жүрүшүндө КРнын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын өкүлү Кыргызстанда “112” жалпы нөөмөт кызматын киргизүүдө чет өлкөлөрдүн тажрыйбасын эске алуу керек экенин билдирди. “Мисалы, АКШда “911” кызматы бар экенин баарыбыз билебиз. Жаран бул номур аркылуу чалганда бир гана полиция эмес, өрт өчүрүү, "Тез жардам" кызматтары бирге келишет. Эгер жалган чакыруу болуп калса, жаран бардык чыгашаларды төлөп берүүгө милдеттендирилет. Мындан тышкары жакында Орусияда да “112” нөөмөт номуру киргизилген. Бул кызматтын кандай кемчиликтери бар экенин да изилдеп чыгышыбыз зарыл”,- деди ал.

КРнын Вице-премьер-министри Абдырахман Маматалиев: "Бул демилге абдан маанилүү жана керектүү. "112" кызматын киргизсек, жарандарга да, мамлекеттик мекемелерге да иш аткаруу жеңилдетилет. Бул маселе жана Бирдиктүү маалыматтык-башкаруу системин орнотуу боюнча долбоор өкмөт тарабынан караштырылат. Ал эми тиешелүү кызматтар "112" нөөмөт кызматын өз ичинде талкуулап чыгып, сунуштарын билдирсин",- деп буюрду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан