Премьер-министр Оторбаев “Канча саунанын электр энергиясы өчүрүлдү?”деген суроосуна жооп ала алган жок

Бүгүн, 2-сентябрда Бишкекте премьер-министр Жоомарт Оторбаевдин жетекчилигинин астында өкмөттүн селектордук отуруму өтүүдө. Анда күзгү-кышкы мезгилге даярдык маселеси талкууланууда.

Иш-чаранын жүрүшүндө премьер-министр Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча инспекциянын башчысы Таалайбек Нурбашевге “Республика боюнча канча саунада электр энергиясы өчүрүлдү?” деп суроо берди. Буга Нурбашев так жооп бере алган жок. Андан кийин Оторбаев “Бул сиздин инспекцияңыздын милдети болгон. 2 айдан бери сауналарды жана башка эс алуучу жайлардын электр энергиясын өчүрүү боюнча сүйлөшүп жатабыз” деп аны сынга алды. Андан соң премьер-министр ага эртеңки күнү бул тууралуу маалымат берүүнү буюрду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Гулжигит
2014-09-02 19:40:45
Жакшы эле очуройун деп барып кыздарды коргондо эмнеге барганымды унутуп калып атам урматтуу министр!
+3
nurikkg1
2014-09-03 02:15:23
Гулжигит, чындыгында ушундай долгое болсо керек Гулжигит банга кетпесек болду
0
zulik_julik.kg
2014-09-03 11:22:57
саунага барса тейлоо жакшы болгон эмеско ошого светин очур деп жатат окшойт))))))))))))
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан