Бүгүн, 2-сентябрда өкмөттүн селектордук отурумунда Бишкектин мэри
Кубанычбек Кулматов:
"Бишкекте сауналардын 60 пайызы көмүр менен иштөөгө өттү",- деп билдирди.
Анын айтымында, шаардын ар бир районунун акимдери бул багытта иш жүргүзүп жатат. Мындан тышкары ал бир гана сауналар эмес, электр энергия менен жылуулатылган үйлөрдүн ээлерине тыюу салынып жатканын баса белгиледи.
Андан соң премьер-министр Жоомарт Оторбаев ага "8-сентябрда орусиялык "Газпром" ишканасынын төрагасы Алексей Миллердин келүүсү күтүлүүдө. Бул мекеме бизге бөлүп жаткан акча каражаттан 240 миллион рубль Бишкек шаарына жушмалат. Алар шаар боюнча магистралдык газ түтүктөрүн куруп берет, ал эми мэрия газды таратууну чечүүгө милдеттүү",- деди.