Жалал-Абад шаарында биометрикалык маалыматты топтоо иши солгун жүрүп жатат. Ага тиешелүү адистердин кайдыгерлиги себеп болгону 2-сентябрда өткөн шаардык мэриянын жыйындар залында биометрикалык маалыматтарды чогултууга арналган кеңешмеде маалым болду. Бул тууралуу бүгүн, 3-сентябрда мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, биометрикалык маалыматтарга тиешелүү стационардык бөлүмдөрдү ачуу жана анын алдында (Достук аймактык башкаруусунда ачылган мобилдик эки топту эске албаганда) мобилдик топторду түзүү жумуштары, жарандардын тизмелерин тактоо, биометрикалык маалыматтарды топтоого жарандарды толук тартуу үчүн көчө баннерлерин, аймактык башкарууларга атайын баракчаларды илүү, эл арасында түшүндүрүү иши кечигүүдө.
Ошого карабастан, шаардагы Мамлекеттик каттоо кызматынын, паспорт-виза бөлүмүнүн, Калкты ишке жайгаштыруу жана миграция кызматынын, Жарандык актыларды каттоо жана Шаардык статистика кызматынын жетекчилери кеңешмеге келишкен эмес. Анда айтылгандай, биометрикалык маалыматтарды топтоого байланыштуу мэриянын эки жума мурунку отурумунда ага тиешеси бар кызматтардын бардыгына милдеттер коюлуп, тапшырмалар берилген болчу.
Айта кетсек, биометрикалык маалыматтарды топтоо ишине байланыштуу мэриянын кийинки кеңешмеси келерки жуманын дүйшөмбү күнү да өткөрүлө турган болду.