Бүгүн, 3-сентябрда Чүй облусундагы жана Бишкек шаарындагы оңдоп-түзөө иш-чараларынан улам бир катар райондордо электр жарыгы үзгүлтүккө учурайт. Бул тууралуу "Түндүк электрдин" басма сөз кызматы билдирди.
Белгилүү болгондой, саат 9:00дөн 17:00гө чейин Бишкек шаарынын Низовая, Весёлая, Лермонтов, Целиноградская, Армавирская, Салиева, Профсоюзная, Ленская, Нарвская, Каракумская, Ильменская, Жеткинчек, Мыскал, Максат, Теңдик, Кулиев, Республиканская, Черноморская, Лущихина, Тимур Фрунзе көчөлөрүндө, Волкова көчөсүндөгү №157, 159, 153 “А”, 155-көп кабаттуу үйлөрүндө, Көлмө жана Эне-Сай (Эне-Сай-1, Эне-Сай-3, Эне-Сай-6 көч.) жаңы конуштарында №1826, 2112, 487, 456, 361-чордондору оңдолот. Оңдоо иштерине байланыштуу электр энергиясынын өчүрүлүшү күтүлөт.
Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Константиновка, Луговое, Ленинское, Кайырма, Төмөнкү Ала-Арча, Васильевка, Бирлик, Степное, Пригородное, Лебединовка, Комсомольск, Садовое, Аламүдүн, Кашка-Суу, Малиновка, Баш-Кара-Суу, Заречное, Арчалы, Байтик айылдарында, Чүй районуна караштуу Мээнеткеч, Алга, Кызыл-Аскер, Бурана айылдарында, Жайыл районуна караштуу Орто-Суу айылында “Константиновка”, “Главная”, “Карагачевая”, “Бирлик”, “Майская”, “Сельэлектро-2”, Лебединовка ГЭС, “Кашка-Суу”, “Орто-Алыш”, “25-лет Киргизии”, “Чуйская”, “Кара-Балта” чордондорунан тараган 10/6 кВт аба электр чубалгылары оңдолуп, электр энергиясы өчүрүлүшү ыктымал. Ошондой эле Бишкек шаарында "акылдуу" эсептегичтерди орнотуу иштери уланат.