Чоң-Алай районунун Жаш-Тилек айылындагы жаңыдан бүткөрүлгөн З.Каримбеков атындагы орто мектебинин ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу бүгүн, 3-сентябрда райадминистрациядан билдиришти.
Ага Жогорку Кеңештин депутаттары, Ош облусунан бир катар жетекчилер катышышты.
Маалым болгондой, сметалык баасы 59 миллион сомго жакын сумманы түзүп, окуучулар үчүн жаңы 150 парта, 290 отургуч, мугалимдер үчүн 30 стол, 25 кресло келип, класстарга жайгаштырылды.
Салтанаттын соңунда мектептин курулушунда активдүү эмгектенип, салым кошкон эмгек алдынкыларына КРнын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн жана Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясынын Ардак грамоталары жана белектер тапшырылды.