Кара-Балта шаардык кеңешинин депутаттары жана шаар тургундары бүгүн, 3-сентябрда маалымат жыйынын өткөрүп, аталган шаардын мэри Шабданов Даниярдын бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз түрдө колдонуп жатканын айтышты. Ошондой эле укук коргоо органдарынан бул иш боюнча көзөмөл жүргүзүүнү суранышты.
“Ушуга чейин Кара-Балтада эл 2 ирет митингге чыкты. Биринде уулуу заттарды бөлүп чыгарып жаткан “Жунго” компаниясынын иши токтосун деген талап менен чыксак, биринде шаар мэринин отставкасын талап кылдык. Бирок эч кандай жыйынтык чыккан жок. Акчалардын ортодо мыйзамсыз иштетилип, жок болуп жатканынан элдин кабары бар. Биз айла жок жергиликтүү ММКлар аркылуу коомго бул көйгөйдү жеткирүүгө аракет кылып жатабыз”,- деди шаар тургуну Абдиев Дыйканбай.