Бүгүн, 3-сентябрда жаратылыш газы туурасында Ош шаарынын мэри
Айтмамат Кадырбаев Орусиянын «Газпром» ишканасынын алдындагы «Газпром промгаз» ачык акционердик коомунун директорунун кеңешчиси
Андрей Оплачко башында турган жумушчу топту кабыл алды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Анда Ош шаарында жасалчу иштер боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп, калаа башчысы Ош шаарын газ менен камсыз кылууну тездетүүнү жана келе жаткан кышта «Газпром» ишканасы тарабынан бала бакчаларда тамак бышырууга тиешелүү шарт түзүүгө көмөктөшүүнү суранды.
Ал эми «Газпром» ишканасынын өкүлдөрү Ош шаарын газ менен камсыз кылуунун бардык жолдору каралып жатканын жана шаар башчысынын талабын да тиешелүү жетекчилери менен макулдашуудан соң аткарууга ниети бар экенин билдирди.
Ошондой эле жолугушууда Ош шаарындагы 5 откананы электр менен жылытуудан суюлтулган газ менен жылытууга өткөрүү боюнча макулдашылды.