Кыргызстанда күзгү-кышкы мезгилге даярдоо иштерине бюджеттен 1,6 миллиард сом жумшалып жатат

Жылдын башынан бери Кыргызстанда күзгү-кышкы мезгилге даярдоо иштерин каржылоого республикалык бюджеттен 1 миллиард 657,2 миллион сом каралган. Бул тууралуу бүгүн, 3-сентябрда КРнын Каржы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган акча каражаттын 888 миллион сому жылытуучу энергияга бөлүнгөн, анын ичинен “Кыргызжилкоммсоюз” ишканасына 795,7 миллион сом, Ош шаарынын мэриясына 92,3 миллион сом каралган. Бюджеттик ишканалардын электр энергияга болгон чыгашалары 428,4 миллион сом, жылытуучу энергияга 177,1 миллион сом, жаратылыш газына 5,6 миллион сомго барабар болду. Тоолуу жана алыс аймактарда жашаган жарандарга электр энергияны компенсациялоого 118 миллион сом бөлүнгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан