2014-2015-жылдарга экономикалык атаандаштыкка туруштук берүү боюнча жалпы дүйнөлүк рейтингде 144 мамлекеттин арасынан Кыргызстан 108-орунда жайгашты. Бул тууралуу бүгүн, 3-сентябрда Жалпы дүйнөлүк экономикалык форумунун басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, аталган рейтинг боюнча Кыргызстан дүйнөдө атаандаштыкка туруштук бере албаган мамлекеттердин бири болуп саналат. Анын жанында Бангладеш, Суринам, Кот д’Иваур, Лесото жана Габон сыяктуу өлкөлөр жайгашты. Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин арасында мыкты көрсөткүчкө Азербайжан (38-орун) ээ болсо, эң начар көрсөткүчтү Кыргызстан (108-орун) көрсөттү.
Тажикстан Кыргызстандан 17 орунга жогорураак жайгашып, 91-орунда турат. Украина 84-орун, Орусия 53-орун, Казакстан 50-орунда жайгашты.
Ошол эле учурда Кыргызстан былтыркы жылдын көрсөткүчүнө салыштырмалуу 13 орунга көтөрүлүп, КМШга мүчө мамлекеттердин арасынан мыктысы болуп чыкты.
Жеке ишкерликти жүргүзүүдө тоскоолдук көрсөткөн эң көйгөйлүү себептер катары коррупция, каржылоого мүмкүнчүлүк түзүү, пайдасыз мамлекеттик бюрократия жана салык тартиби экени аныкталды. Аталган рейтингди түзүүдө адистер инфраструктураны, макроэкономикалык чөйрөнү, инновациялардын колдонулушун, каржы рыногунун өнүгүшүн, саламаттыкты сактоо жана билим берүү тармактарын эске алышты.
Айта кетсек, 2014-2015-жылдарга атаандаштыкка туруштук берүү боюнча жалпы дүйнөлүк рейтингдин эң жогорку орундарында Швейцария, Сингапур, АКШ жайгашты. Ал эми Йемен, Чад жана Гвинея рейтингдин арткы катарларында болууда.