2015-жылдан тарта мигранттар орус тили боюнча экзаменди интернет аркылуу тапшыра алышат. Бул тууралуу орусиялык басылмалар Орусиянын вице-премьер-министри Ольга Голодецке шилтеме берүү менен жазып чыгышты.
Анын айтымында, эмгек мигранттары орус тили, Орусиянын тарыхы боюнча экзаменди өз каалоосу менен ушул жылдын сентябрь айынан тарта тапшырышат. Ал эми 2015-жылдын 1-январынан баштап экзамен тапшыруу милдеттүү болуп саналат. “Кийинки жылдан тарта мигранттар орус тили боюнча экзаменди “Орус тилиндеги билим берүү” интернет-порталы аркылуу А.С.Пушкин атындагы Орус тили боюнча мамлекеттик институтунда тапшыра алышат. Мындан тышкары 2015-жылы мигранттар үчүн атайын жеңилдетилген окуу боюнча курс ачылат”,- деди Орусиянын вице-премьери.
Айта кетсек, аталган экзаменди 385 тестирлөө борборлорунда тапшырууга мүмкүн болот. Алардын басымдуу бөлүгү орусиялык жогорку окуу жайлардын базасында уюштурулат. Экзамендин жыйынтыктары атайын базага киргизилип сакталат. Ал эми экзаменди тапшыруу боюнча сертификаттар 5 жылга жарайт.