Жалал-Абад облусунун бир катар райондорунда буудай жыйноо иштери аяктады

Жалал-Абад облусунун Токтогул, Тогуз-Торо жана Чаткал райондорунда буудай жыйноо иштери аяктады. Бул тууралуу бүгүн, 4-сентябрда Жалал-Абад облусунун өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, 2-сентябрга карата түшүм жыйноо 68 миң тоннаны түзгөн.
"Ушул жылдын 8 ай аралыгында айыл чарба өндүрүшүнүн 23 миллион сомду түзүүсү күтүлүүдө. Өндүрүштүн өсүшү былтыркы жылга салыштырмалуу 103,2 пайызды түзүүсү керек",- дейт Жалал-Абад облусунун Агрардык өнөр жай комплексинин жетекчиси Абдыкамал Суяров.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан