Кыргызстанда 7 айда 15 миңдей кылмыш катталды

Кыргызстанда 2014-жылдын январь-июль айларында 15 миңден ашык кылмыш иши катталды, бул былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 3,3 пайызга аз. ИИМ билдиргендей, оор жана өзгөчө оор кылмыштардын саны 2400дү түздү. Баткен облусунда 482, Жалал-Абад облусунда 1499, Ысык-Көл облусунда 1325, Нарын облусунда 348, Ош облусунда 1252, Талас облусунда 450, Чүй облусунда 3046, Бишкек шаарында 5878, Ош шаарында 1365 кылмыш катталган. Жеке адамдарга карата жасалган кылмыштардын саны өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 4,2 пайызга өскөнү айтылды. Кылмыштарга шектелип 9272 адам кармалса, мунун 8054ү эркектер, 1218и аялдар. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан