Бүгүн Бишкекте өзгөчө кырдаалдарды жоюу жана алдын алуу боюнча семинар өтөт

Бүгүн Бишкекте өзгөчө кырдаалдарды жоюу жана алдын алуу боюнча семинар өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 4-сентябрда ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Алардын маалыматына караганда, иш-чарага чек арага жакын жайгашкан аймактардын жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстандын өзгөчө кырдаалдар мекемесинин кызматкерлери катышышат.

Ошондой эле семинардын максаты регионалдык кызматташууну бекемдөө үчүн сунуштарды иштеп чыгуу жана чек арага жакын жайгашкан аймактардагы жергиликтүү бийликтин потенциалын жогорулатуу болуп эсептелет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан