Африканын батышында жайылып жаткан Эбола лихорадкасынан улам көз жумган адамдардын саны 1900дөн ашып, дагы 3600дөн ашуун адамдын жуктуруп алганы айтылууда.
Өткөн аптада эле дээрлик 400 адам набыт болгон. Бириккен Улуттар Уюмунун Эбола вирусу боюнча атайын координатору Дэвид Набарро илдет менен күрөшүү үчүн 600 миллион доллар бөлүү керектигин айтып чыкты. Бул тууралуу 4-сентябрда чет элдик басылмалар жазышты.
АКШнын саламаттыкты сактоо жана социалдык кызматтары вакцинанын эксперименталдык вариантын жасоого 42,3 миллион доллар сарптайт. Канада вируска каршы чыгарган каражатты тажрыйбадан өткөрүү үчүн жөнөтүүгө камданууда.
Февраль айында Гвинеяда табылган вирус Сьерра-Леоне, Либерия, Нигерия жана Конго өлкөлөрүнө жеткен.