2014-жылдын I жарым жылында (январь-июнь айларынын аралыгында) КРнын Президентинин аппаратына жарандардан 4416 кайрылуу келген. Бул тууралуу президенттин аппаратынын расмий сайтына жазылууда.
Маалыматка ылайык, түшкөн кайрылуулар боюнча иштер жүргүзүлдү, алардын ичинде:
- Жазуу жүзүндө (электрондук) кайрылуулар – 3237;
- Коомдук кабылдамаларда кабыл алынган жарандар – 773;
- “Ишеним телефону” аркылуу кайрылган жарандар – 348;
- Кыргыз радиосунун “Биринчи кабылдама” берүүсүнүн жана Ош шаарындагы “Ынтымак” радиоберүүсүнүн түз эфирлери аркылуу кайрылган жарандар – 58.
Жазуу жүзүндө (электрондук) келген бардык 3237 кайрылуунун 3200ү президенттик аппаратка түшүп, алардын ичинен эң көп арыздар, дооматтар жана сунуштар Бишкек шаарынын тургундарынан 1376 (43,0 пайыз) жана Чүй облусунун жашоочуларынан 432 (13,5 пайыз) келди.
Ошол эле мезгилде Ош облусунун жана Ош шаарынан 388 (12,1 пайыз), Жалал-Абад облусунан 242 (7,6 пайыз), Ысык-Көл облусунан 220 (6,9 пайыз), Нарын облусунан 162 (5,1 пайыз), Баткен облусунан 78 (2,4 пайыз), Талас облусунан 88 (2,8 пайыз) жана КМШ мамлекеттеринен жана чет өлкөлөрдөн 214 жарандын кайрылуулары катталды.
Жарандардын жазуу жүзүндөгү кайрылууларынын тематикасы негизинен 9 топту түздү:
- соттордун жана укук коргоо органдарынын иштери боюнча – 918 кайрылуу (27,8 пайыз);
- социалдык кызматтын иши, эмгек, ишке жайгаштыруу, эмгек акы, пенсия, жөлөк пул, жеңилдиктер жана материалдык жардам көрсөтүү боюнча – 425 (13,1 пайыз);
- саламаттыкты сактоо, билим берүү жана маданият маселелери боюнча - 343 (10,6 пайыз);
- турак жай жана жеке үйлөрдү курууга жер тилкелерин бөлүштүрүп берүү боюнча – 192 (5,9 пайыз);
- коргоо, чек ара, мамлекеттик жана улуттук коопсуздук маселелери боюнча – 181 (5,6 пайыз);
- мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо, жарандык берүү, мунапыс маселелери боюнча – 141(4,4 пайыз);
- кредиттерди жоюу жана мөөнөтүн узартуу, кредиттерди берүү жана ссудаларды бөлүү (үстөксүз же төмөнкү үстөк менен) - 111 (3,4 пайыз);
- курулуш, архитектура, транспорт жана байланыш маселелери боюнча – 71 (2,2 пайыз);
- 2010-жылдын Апрель жана Июнь окуяларында жабыр тарткандарга жардам берүү боюнча – 47(1,5 пайыз).